Улуттук банк сомдун курсун кармап туруу үчүн 55,35 млн. доллар сатты

Бүгүн АКШ доллары 98 сомго чыкты. Мындан улам башкы банк интервенция жасаган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы ички валюта рыногундагы кырдаалдан улам бүгүн, 4-мартта, 55, 35 миллион доллар сатты. Бул тууралуу башкы банктан кабарлашты.
Сумманын ичинен 26,80 миллион доллары накталай сатылган.
Белгилей кетсек, бүгүн АКШ доллары 98 сомго чыкты. Өткөн бейшемби күнү доллар 10 сомго чейин кымбаттап, 95 сомго чыккан. Андан кийин 90 сомго чейин түшүп, дүйшөмбүдөн тарта кайра көтөрүлө баштаган. Бирок 97 сомдон аша элек болчу.
Улуттук банк валюта рыногунда олку-солку абалды жөнгө салып, сомду колдоо үчүн интервенция жасап турат. Бул үчүн алтын-валюталык запас колдонулат. Резервде ондогон валюта, SDR (Эл аралык валюта фондунун төлөм каражаты) жана алтын куймалар бар.
Доллар кайрадан кымбаттады. Улуттук банктын билдирүүсү