Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Украинада курман болгон жоокерлердин үй-бүлөсүнө 7 млн. рублдан төлөнөт

Эгер контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер жаракатынан улам эмгекке жараксыз деп табылса, ага бир жолу төлөнчү 2 миллион 968 миң рубль берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Украинадагы операцияда курман болгон аскерлердин үй-бүлөсүнө 7 миллион рублдан төлөнө турганын билдирди. РИА Новости жазгандай, өлкө башчысы РФтин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жыйын курду.
Анын айтымында, 5 миллион рубль өлчөмүндө кошумча төлөмдөр бекитилет.

“Украинадагы атайын операция учурунда курман болгон жоокерлердин үй-бүлөсүнө мыйзамда каралган камсыздандыруу боюнча бир жолу берилчү 7 миллион 421 миң рубль жөлөк пул төлөнөт. Мындан тышкары, үй-бүлө мүчөсүнүн ар бирине ай сайын акчалай компенсация берилип турат. Күч структурасында иштеген аскерлердин үй-бүлөлөрүнө кошумча 5 миллион рублдан бөлүү керек деп эсептейм”, — деди Путин.

Ал ошондой эле жаракат алгандарга жөлөк пул чегерилерин кошумчалады. Эгер контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер жаракатынан улам эмгекке жараксыз деп табылса, ага бир жолу төлөнчү 2 миллион 968 миң рубль берилет. Эгер майып болуп калса ай сайын компенсация алып турат.
Президент жаракат алган күч структурасындагы жоокерлерге кошумча 3 миллион рубль төлөө маселесин кароо керектигин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын Харьков облусундагыларга Россия аскерлери жардам жеткирди. Видео
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Макронго анын билдирүүлөрү эмнеге жүйөсүз экенин түшүндүрдү