Бишкекте судьялардын курултайы өтүп, ага президент катышат

Иш-чара саат 10:00дө башталып, КТРКнын түз эфиринде көрсөтүлөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Бишкекте Кыргызстандын судьяларынын XII курултайы өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, курултай бүгүн, 4-мартта, өтүп, ага мамлекет башчы Садыр Жапаров катышат. Иш-чара саат 10:00дө башталып, КТРКнын түз эфиринде көрсөтүлөрү айтылды.
Саясий курал болбойбуз. Жогорку сотко төрага болчу Базарбековдун планы