Руслан Казакбаев Сергей Лавров менен жолугуу үчүн эртең Москвага учат

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары талкууланат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун чакыруусу менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 5-март күнү Москвага расмий сапары менен барат. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Маалыматка караганда, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары талкууланат.
Евразиялык интеграция, аймактык коопсуздук, эл аралык аянтчалар аркылуу кызматташуу (БУУ, ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ, ШКУ) сыяктуу бир катар маселелер боюнча дагы пикир алмашуу болору мүмкүн экени белгиленди.
300-500 млн. доллар... Кыргызстан БАЭге ипотеканы каржылоону сунуштады