Радио

Турсуналиев: өлкөдө 123 органикалык пилоттук чарба иштеп жатат

Органикалык айыл чарба департаментинин директорунун орун басары Сагынбек Турсуналиев өлкөдө 123 органикалык пилоттук чарба иштеп жаткандыгын айтты.
Sputnik
Республика боюнча 2,7 миң гектарды камтыган аймак кийинки жылы органикалык чарба деп таанылат. Бул тууралуу Сагынбек Турсуналиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эл аралык сертификаты бар органикалык айыл чарба продукциясын өндүргөн алты чарба бар.
"Органикалык чарбага өтүү үчүн атайын талаптарды, эрежелерди туура аткаруу керек. Учурда өлкө аймагында 123 органикалык пилоттук чарба бар. Суу, минералдык жер семирткичтерди колдонуу, топурактын курамына чейин тиешелүү стандарттарга жооп берген норма каралышы керек. Учурда Баткен облусунда жети, Ысык-Көлдө 18, Жалал-Абадда 23, Чүйдө 21, Талас жеринде 12 жана Нарын өрөөнүндө 23 чарба бар. Республика боюнча 2,7 миң гектарды камтыган аянт, эгер эрежелер аткарылса, кийинки жылы органикалык чарба катары таанылып, тиешелүү документтери ыйгарылат", — деди Турсуналиев.
Ошондой эле адис органикалык чарбалардын санын көбөйтүү аркылуу ЕАЭБде атаандаштык жаратып, эл аралык деңгээлде таанылып калуу мүмкүнчүлүгү жогору экендигин кошумчалады.