Бишкекте милиционер 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалды

РИИБдин кызматкери менен кошо дагы бир жаран жашы жете элек кызды зордуктаган деп шектелүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясынын кызматкери 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө А. Э. аттуу милиционер жана К. Н. аттуу киши жашы жете элек кызды жыныстык катнашка барууга мажбурлаганы аныкталган.
Бул иш боюнча Н. О. аттуу жаран Свердлов райондук прокуратурасына арыз жазып, Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси ("Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер") менен иш козголгон.
Аталган кылмышка шектелген К. Н. тергөө абагына камалган, ал эми милицонер 3-мартта кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Тергөө иштери жүрүп жатат.
Бала зордуктагандардын жазасын 10 жылга көбөйтүү сунушталды. Чоо-жайы