Кара-Сууда жасалма доллар менен эки жаран кармалды. Сүрөт

Эки шектүү тең сурак учурунда күнөөлөрүн моюндап, РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кара-Суу райондук милиция кызматкерлери жасалма акча сатууга аракеттенген эки жаранды кармады. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Жасалма акча сатууга аракеттенген эки жаран кармалды
3-март күнү милиция кызматкерлерине Кара-Суу районунун аймагында К. аттуу жаран ири суммадагы жасалма долларды сактап жана сатууну көздөп жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат түшкөн. Факт ошол эле күнү райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.
Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн аймагынан Ош облусунун Алай районунун 36 жаштагы Н.Т. аттуу тургуну кармалган. Анын жанынан 100 долларлык 50 жасалма купюра табылган. Ал эми анын шериги делген Жалал-Абад облусунун А.Б. аттуу тургунунан 100 долларлык жети купюра алынган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси ("Жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо") боюнча иш козголуп, тергөө амалдары башталды. Эки шектүү тең сурак учурунда күнөөлөрүн моюндап, РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Жасалма акчалар кимдер тарабынан жасалгандыгын тактоо максатында тергөө амалдары уланууда.
Бишкекте доллар 98 сомго чыкты