Бильярдчы Каныбек Сагынбаев аял киши менен мушташтыбы? Милиция чоо-жайын айтты

Бильярдчы аралашкан окуя боюнча милиция "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Интернет айдыңында бильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаевге окшогон кишинин аял менен мушташып жаткан видеосу тарады.
Социалдык тармактын колдонуучулары да кадрдагы киши Сагынбаев экенин жазууда.
Бишкектин Октябрь райондук милициясы аталган окуянын чоо-жайын айтып, бирок ал Сагынбаев экенин ырастаган да, төгүндөгөн да жок.
"Жаңжал 15-январь күнү эртең менен саат 8:00дө Юнусалиев көчөсүндөгү кафелердин биринде болгон. Милицияга бир аял арыз жазып, эркек киши коомдук тартипти одоно бузуп, жаңжалдашып, денесине зыян келтиргенин айткан. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Бейбаштык") менен иш козголду. Милиция бөлүмүнө 32 жаштагы С. К. аттуу жаран алып келинген. Ал тергөөгө келип туруу милдеттемесин алуу менен бошотулду", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы аял кишинин жеңил жаракат алганын көрсөткөн.
Милициянын маалыматында жазылган инициал Канат Сагынбаевге дал келүүдө.
Кара-Балтада окуучулар мушташып, бир бала ооруканага түштү