Базарбеков Замирбек Курамаевич — өмүр баяны

Замирбек Базарбеков Жалал-Абал облусунун Токтогул районунда 1957-жылдын 14-декабрында туулган. 1989-жылы Кыргыз улуттук университетин "укук таануу" адистиги боюнча аяктаган.
Sputnik
Эмгек жолу:
1990-1993 — Ак-Суу райондук прокуратурасынын тергөөчүсү, Ысык-Көл облустук прокуратурасынын улук тергөөчүсү;
1993-1995 — КР өкмөтүнүн аппаратында референт;
1995-1997 — КР Жогорку сотунун даттануулар жана каттар бөлүмүнүн консультанты;
1997-2005 — Сузак райондук сотунда судья. Ошондой эле Ак-Суу райондук сотунун төрагасынын орун басары кызматында жана Каракол шаардык сотунда иштеген;
2005-2016 — Балыкчы шаардык сотунун төрагасы. Мындан тышкары, 2011-2014-жылдары Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү, кийин төрагасы болгон;
2016-2020 — адвокат;
2020-жыл, ноябрь-декабрь — Соттор кеңешинин алдындагы Дисциплинардык комиссиянын төрагасы;
2020 -2021 — КР президентинин администрациясынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы;
2021 — КР Жогорку сотунун судьясы;
2022-жылдын февраль айынан тарта КР Жогорку сотунун төрагасы.