Кудум жомоктогудай достук. Жыланды "басып алган" майда жаныбарлардын видеосу

Бул таң калычтуу окуянын кантип башталганы кадрга түшкөн эмес. Бирок "куткаруу операциясы" ийгиликтүү аяктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кадимки эле жыландын сөөк өчтү душмандары: бака, чычкан жана коңузду оп тартып жутуп албай, денесине "кондуруп" алып суунун үстүндө калкып турган видеосу интернетке тарады.
Окуя Австралиянын Квинсленд аймагында болгон. "National Geographic Россия" сайтынын маалыматына караганда, жамгырдан улам ташкын жаралып, резервуардагы майда жандыктар кооптуулукта калган.
Бул таң калычтуу окуянын кантип башталганы кадрга түшкөн эмес. Бирок ылай сууда кара жыландын калкып, анын үстүнө бир нече жаныбардын отуруп алганын, бир учурда чычкандын бирде жыландын башын, бирде куйругун көздөй тызылдап чуркап жүргөнүн көрүүгө болот.
Кызыгы, аларды сактап турган душманы кол салганга аракет кылган эмес. Резервуардын үстүнөн карап турган адамдар жаныбарларды сактоого аракеттенип, темир таяктар менен илип алууга аракетенген. Бирок жылан чочуп кетип, анын "коноктору" сууга кулаган... Сайтта окуя жакшы аяктап, кишилер жыланды да, майда жаныбарларды да аман-эсен куткарып алганы жазылган.
Жылан менен гиенанын талашында калган антилопанын баласы. Кейиштүү видео