ЖККУда "координациялоочу мамлекет" деген түшүнүк пайда болушу мүмкүн

2007-жылдын 6-октябрында кабыл алынган келишимге өзгөртүү киргизүү сунушталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мамлекеттик думага Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) келишимине өзгөртүү киргизүү боюнча протокол түзүлдү. Анда "координациялоочу мамлекет" деген түшүнүк киргизилген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Федералдык мыйзамдын долбоорунда ЖККУнун 2007-жылдын 6-октябрында кабыл алынган тынчтык орнотуу жөнүндөгү келишимине өзгөртүү киргизүү боюнча Душанбеде кол коюлган (2021-жылдын 16-сентябрында) протоколду ратификациялоо сунушталган.
Протоколдо "координациялоочу мамлекет" деген түшүнүк киргизүү каралган. Анын алкагында, БУУнун тынчтыкты колдоо боюнча операциясына колдонула турган ЖККУнун жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрүн түзүү каралган.
Радио
Медетбеков: ЖККУ учурда чоң аскердик блок катары эсептелүүдө