Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

УКМК Next TV каналына улуттар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча иш козгоду

УКМК телеканалы Украинанын аймагындагы атайын операциянын жүрүшүндө Кыргызстан Россияга аскердик жардам көрсөтүүдө делген жалган маалыматты тараткан.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Next TV телеканалына улуттар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
"Жүргүзүлгөн иштердин алкагында телеканал социалдык түйүндөрү аркылуу Украинанын аймагындагы атайын операциянын жүрүшүндө Кыргызстан Россияга аскердик жардам көрсөтүүдө делген жалган маалымат тараткан. Маалымат булагы катары Казакстандын чалгын кызматынын мурдагы жетекчисине шилтеме берилген. Бул аракеттер Кыргызстандын жана башка мамлекеттердин калкын туура эмес маалымдоого алып келет. Ошондой эле улуттар аралык кастыкты козутуунун башаты болуп саналат", — деп жазылган маалыматта.
Текшерүүнүн жүрүшүндө телеканалдын аракетинде улуттар аралык кастыкты козуткан белгилер бар экендиги боюнча экспертизанын корутундусу алынган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту ("Улуттар аралык кастыкты козутуу") боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Натыйжада телеканалдын жооптуу адамдарына карата тиешелүү процессуалдык чечимдер кабыл алынмакчы.
Эске салсак, буга чейин Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Альнур Мусаев Кыргызстан менен Тажикстан Россиянын басымы менен атайын операцияларга жардам берип жатат деп айтып чыккан. Бирок Коргоо министрлиги Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн чет өлкөлөрдөгү кандайдыр бир аскердик операцияларга катышуусу боюнча ар кандай божомолдорду толугу менен жокко чыгарган.
УКМК Жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын активдүү колдонуучуларын кесиптик этиканы сактоого, тастыкталбаган маалыматтарды жарыялабаганга чакырат.
Кыргызстандын ТИМи Зеленскийдин элчини чакыртып алышы боюнча комментарий берди
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Макронго анын билдирүүлөрү эмнеге жүйөсүз экенин түшүндүрдү