Валентина Шевченко наамын коргоо үчүн бразилиялык мушкер менен кармашат

Шевченко соңку кармашын былтыр сентябрда Лас-Вегаста өткөн UFC 266 турниринин алкагында өткөргөн. Анда америкалык Лорен Мерфини төртүнчү раундда нокаут менен уткан.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко наамын коргоо үчүн бразилиялык Тайла Сантос менен кармашат. Бул тууралуу ESPN телеканалы кабарлады.
Телеканалдын маалыматы боюнча, Шевченко катыша турчу турнирди 11-июнда Сингапурда өткөрүү пландалган.
Кыргызстандык спортчу UFC уюмунун мыкты мушкер аялдарынын рейтингинин сап башында турат.
Валентина Шевченко 2018-жылдын декабрында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону болгон. Мушкер кыз 2019-жылдын июнь айында Жессика Айды утуп, биринчи ирет чемпиондук наамын коргогон. Андан кийин Лиз Кармуш, Кэтлин Чукагян, Женнифер Майя, Жессика Андраде жана Лорен Мерфини утуп, жалпысынан алты ирет чемпиондук наамын коргогон.
Шевченко соңку кармашын былтыр сентябрда Лас-Вегаста UFC 266 турниринин алкагында өткөргөн. Анда америкалык Лорен Мерфини төртүнчү раундда нокаут менен уткан.
Азыркы атаандашы Сантос ММА боюнча 20 беттеш өткөрүп, бир гана жолу утулган. Спортчу UFC рейтингинде өз салмагы (57 кг) боюнча бешинчи орунда турат.
Бишкектеги "Даңк" аллеясында Антонина Шевченкого арналган жылдызча пайда болду