Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Sputnik дүйнө жүзү боюнча DDoS-чабуулга кабылууда. Агенттиктин билдирүүсү

Anonymous хакердик тобунун Россия менен киберсогуш баштаганын жар салгандан бери жана Батыштын санкциясынын фонунда бир нече күндөн бери Sputnik сайттарында DDoS-чабуулдар болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Дүйнө жүзү боюнча Sputnik агенттигинин бардык 30 сайты DDoS-чабуулга кабылып, материалдарды жарыялоо кыйынчылык жаратууда. Бул тууралуу РИА Новости Sputnik агенттигинин маалымат кызматына шилтеме кылып жазды.

"Бардык Sputnik сайттары кайрадан массалык киберчабуулга кабылды, бул аракеттер ишемби күндөн бери токтой элек. Азыр дээрлик бардык жакта, алыскы жана жакынкы чет мамлекеттердеги сайттарда материалдарды жарыялоо өтө кыйын болууда. Ошол эле учурда колдонуучуларда сайт жеткиликтүү, окурмандарды биздин жаңылыктарды Sputnik агенттигинин Telegram-каналдарынан окуп турууга чакырабыз", — деп билдирген агенттиктин маалымат кызматы.

Anonymous хакердик тобунун Россия менен киберсогуш баштаганын жар салгандан бери жана Батыштын санкциясынын фонунда бир нече күндөн бери Sputnik сайттарында DDoS-чабуулдар болууда. Владимир Путин 21-февралда Донбасс республикасынын өтүнүчүнөн кийин жана Мамлекеттик думанын депутаттарынын кайрылуусунан соң ЛЭР менен ДЭРдин көз карандысыздыгын тааныган жарлыкка кол койгон. 24-февралда таңга жуук Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча аскердик атайын операциясын баштаган.
РФтин Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, куралдуу күчтөр аскердик инфраструктурага жана Украинанын аскерлерине гана сокку урууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Евробиримдик Россияга ири экономикалык жана финансылык согуш ачарын айтты