Соцфонд менчик ишканаларга жеңилдик берүү мыйзам долбоорун алып чыкты

Жеңилдиктер жылдык кирешеси 30 миллион сомдон ашпаган компанияларга берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Жалпы кирешеси 30 миллион сомдон ашпаган чакан жана орто бизнес үчүн социалдык төгүмдөрдүн тарифтик ченин үч жылдык мөөнөткө төмөндөтүү сунушталып жатат.
Мындай мыйзам долбоорун Социалдык фонд демилгелеп, Жогорку Кеңештин кароосуна биринчи окууга киргизди.
Фонддун директору Бахтияр Алиевдин айтымында, ишканада жалданган кызматкерлердин саны кеминде беш адам болсо, ай сайын төлөнүүчү социалдык төгүмдүн тарифин 27,25 пайыздан 22 пайызга, ал эми 15 адам болсо 14 пайызга чейин төмөндөтүү каралууда. Ал эми жумуш берүүчүгө 17,25тен 4 пайызга чейин төмөндөтүү сунушталууда.

"Бул мыйзам долбоору чакан жана орто ишкерликти мындан ары өнүктүрүү жана колдоо максатында иштелип чыкты. Бюджеттен каржыланган уюмдарды, мамлекеттик ишканаларды кошпогондо түшкөн каражатынын көлөмү 30 миллион сомдон ашпаган компаниялар үчүн 2022-2024-жылдар аралыгында социалдык төгүмдөрдү азайтуу каралып жатат. Биз муну менен ар жаран соцфондго акча төгүү менен иштеп пенсияга чыгышына шарт түзүүнү көздөп жатабыз", — деди Алиев.

Депутат Динара Ашимова мындай жеңилдиктерди үч эмес, беш жылдык мөөнөткө киргизүүнү сунуштады.
Соцфонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева бул маселени экинчи окууга чейин карап көрүүнү убадалады.
Эл кайсы учурда Соцфонддон акча ала алат? Расмий жобонун шарты