Кыргызстанда биринчи жолу "Кыргыздардын салттуу кийими" фестивалы өтөт

Иш-чаранын алкагында "Кыргыздардын салттуу кийими" аттуу үй-бүлөлүк кийим топтомунун сынагы жана мастер-класстар уюштурулат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстанда биринчи жолу "Кыргыздардын салттуу кийими" аттуу фестиваль өтөт. Бул тууралуу "Кийиз дүйнө" коомдук фонду билдирди.
Иш-чара 5-мартта өткөрүлчү Ак калпак жана улуттук кийим күнүнө карата Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Бишкек шаарынын маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери департаменти менен биргеликте уюштурулат.
"Фестивалдын алкагында жөө жүрүш болуп, калпак жасоо, элечек ороо, ийик ийрүү, сайма саюу, өрүм өрүү боюнча мастер-класстар өтүп, концерт тартууланат", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле "Кыргыздардын салттуу кийими" аттуу үй-бүлөлүк кийим топтомунун сынагы өтөрү айтылды. Анын жол-жобосу менен коомдук фонддун Facebook баракчасынан тааныша аласыздар.
Иш-чара салттуу кийимдерди кайрадан жандантып, байыркы кийим бөлүгүн азыркы менен туура айкалыштырып колдонууну үйрөтүү максатында боло турганы кошумчаланды.
Фестиваль 5-март күнү саат 10:00дө "Ынтымак-2" паркында өтөт.
Кыргыз аялынын ич кийиминен сырт кийимине чейин. Көчмөн модасынын сырлары