Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: Россия Украинадагы операцияны баштоого мажбур болду

Сергей Лавров россиялык жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарына интервью берди.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Россия Украинадагы операцияны баштоого мажбур болду. Себеби Батыш РФтин айткандарын такыр уккан жок. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн, 3-мартта, Лавров россиялык жана чет элдик ЖМКларга интервью берди.
"Биз мындай чечим кабыл алууга мажбур болдук. Себеби бизди угушкан жок (Батыштагылар). 30 жыл бою, тагыраагы, 1991-жылдан бери бизди алдап келишти", — деди министр.
Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүт алган. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды.
28-февралда Россия менен Украина делегациясы Беларустун аймагында жолугуп, сүйлөшүү жүргүзгөн. Жакын арада сүйлөшүүнүн экинчи раунду өтөт.
Сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду: Украина тарап Беларуска эртең менен жетет