Роман Абрамович "Челси" футбол клубун сатмай болду. Ээси ким болот

Абрамович "Челсини" 2003-жылы алып, клуб 2012-жылы биринчи жолу Чемпиондор лигасын уткан. Ал эми 2021-жылы Европанын мыкты клубу аталган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Россиялык миллиардер Роман Абрамович өзүнө тиешелүү "Челси" футбол клубун сатуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өзү билдирүү жасады.

"Мен ар дайым клубдун кызыкчылыгын эске алуу менен чечим кабыл алчумун. Бул жолу дагы кызматкерлердин, күйөрмандардын жана демөөрчүлөрдүн кызыкчылыгын алдыга коюп, клубду сатмай болдум. Албетте, мындай кадамга баруу оңой болгон жок. "Стэмфорд Бридж" стадионуна соңку ирет барып, ар бир кызматкер менен коштошууга мүмкүнчүлүк түзүлөт деп үмүт кылам. "Челси" жана анын күйөрмандары ар дайым менин жүрөгүмдө сакталат", — деди Абрамович.

Ошондой эле ал командасына кайрымдуулук фондун түзүү тапшырмасын берди. Фондго клубду сатуудан киреше катары түшкөн каражат салынып, Украинадагы азыркы кырдаалдан жабыркагандарды колдоого жумшалмакчы.
Р-Спорт сайтынын жазганына караганда, клубду швейцариялык 86 жаштагы ишкер Хансйорг Висс сатып алмакчы. Абрамович "Челсини" 2003-жылы алып, клуб 2012-жылы биринчи жолу Чемпиондор лигасын утуп алган. Ал эми 2021-жылы Европанын мыкты клубу аталган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ФИФА менен УЕФА россиялык курама команда, клубдарды бардык турнирден четтетти