Хирург пластикалык операцияны кайсы куракта жасатса болорун айтты

Адис сулуулукту сактоо үчүн аялдар күн сайын териге кам көрүүнү унутпашы керектигине токтолгон. Ошондой эле косметологго барып, спорт менен машыгып, туура тамактанганы оң.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мурда биринчи пластикалык операцияны 47 жашта жасатуу сунушталса, азыр косметологиядагы заманбап технологиялардан улам бул мөөнөт 10 жылга жылды. Бул тууралуу пластикалык хирург Наталья Мантурованын айтымына таянып, РИА Новости жазды.
"Бир кезде мен ординатор болгом. Ошондо мугалимдер "биринчи пластикалык операцияны 47 жашта жасатуу керек. Бул куракта хирургиялык коррекцияга жетишип калган оң" деп айтышчу. Азыр косметология өнүктү. Тери маселеси менен алектенген мыкты адистер бар. Андыктан мөөнөт 10 жылдан ашык убакытка жылды", — деген Мантурова.
Ал сулуулукту сактоо үчүн аялдар күн сайын териге кам көрүүнү унутпашы керектигине токтолгон. Ошондой эле косметологго барып, спорт менен машыгып, туура тамактанууну сунуштаган. Сулуулукту сактоодо маанай да маанилүү экени айтылды.
Айнура Сагынбаева: жыныстык жашоом жакшы эмес деп келген аялдарга жардам беребиз