Радио

Өмүрбеков: спорттон жаракат алган жеткинчектер көбөйдү

Медицина илимдеринин доктору, Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын Балдар хирургиясы кафедрасынын башчысы Талант Өмүрбеков спорттук машыгуулардан травма алып кайрылган балдар көбөйүп жатканын белгиледи.
Sputnik
Балдар арасында жыл сайын спорттон жаракат алгандардын саны өсүп жатат. Мисалы, 2019-жылы балдар арасындагы жалпы жаракаттын 3-4 пайызын түзсө, азыр 9 пайызга жетти. Бул тууралуу Талант Өмүрбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жеткинчектер арасында спорттон жаракат алчу түрлөрү менен машыккандардын саны көбөйүшү да ыктымал.

"Балдар ар кандай жаракат алышат. Тилекке каршы, алдыңкы сапта автоунаа кырсыгынан жабыркаган учурлар турат. Бирок кийинки жылдары спорттук машыгуулар учурунда денесинен түрдүү жаракат алгандардын да саны өсүүдө. 2019-жылы бул көрсөткүч жалпы учурдун 3-4 пайызын түзсө, 2021-жылда тогуз пайызга жеткени катталды. Травма менен келген жеткинчектерден сурасаң эле бокс, күрөш жана башка спорттун оор түрлөрү менен машыгарын айтышат. Сууда сүзүү, гимнастика сыяктуу травма алуу коркунучу аз спорт түрлөрү менен алектенгендер дээрлик кайрылышпайт. Бул жерде эки маселеден улам көйгөй жаралып жатышы ыктымал. Биринчиси — травма алуу кооптуулугу жогору болгон спорт түрлөрү менен алектенген жеткинчектердин саны арбыды же машыктыруучулар өз ишин жеткиликтүү алып барбай жатат", — деди Өмүрбеков.

Хирург ата-энелерди балдарын спорттук секцияларга берүүдө тыкыр тандоого чакырды.