Мамлекеттик туу 1992-жылы 3-мартта кабыл алынып, Ак үйдүн алдында желек желбирегенде мамлекеттүүлүк, эгемендик деген ушул турбайбы деп көзүбүзгө жаш алып, жүрөгүбүз толкуп ыйлаганбыз. Бул тууралуу Жамин Акималиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик тууну кабыл алууда Кыргыз ССРинин эле желегин калтыралы деген да сөздөр болгон.
"Элдин эсинде "легендарлуу парламент" катары калган Кыргыз ССРинин 12-чакырылыштагы Жогорку Кеңеши 1990-жылы шайланган (ал 1990-жылдын апрелинен 1994-жылдын сентябрына чейин иштеди). Мамлекеттин эгемендигин түптөгөн маанилүү мыйзамдарды, мамлекеттик символдорду мына ушул легендарлуу парламент кабыл алган. Курамы 350 депутаттан турган парламент эң алгач мамлекеттик тууну иштеп чыгып, бекитүүгө киришти. Адегенде оңой эле кабыл алып коёбуз деп ойлогонбуз. Бирок аябай көп сунуштар түшүп, өзгөчө туунун өңү боюнча катуу талаш-тартыш болду. Депутаттардын көпчүлүгү коммунист болгондуктан кызыл түстү колдосок, жаш муун, айрым депутаттар, коомчулук туунун өңү Ысык-Көлдөй көк, көгүлтүр болсун деп чыгышты. Жада калса кээ бири күрөң, мусулман элбиз деп жашыл түстү да сунушташты. Кыскасы, күрөш кызыл менен көк түстүн ортосунда болду. Жыйынтыгында "Манас" эпосуна кайрылып, окумуштуу-фольклорчу, манас таануучу Самар Мусаевден "Манастын желеги кызыл болгон" деген жооп уктук. Анын үстүнө Кыргызстандын түштүгүнөн шайланып келген депутаттар да көк аза күтүүнүн түсү дегенде биз чочуп, талашпай калдык. Ошентип кызыл өңгө токтолгонбуз. Ал эми туунун бетиндеги белгилерди ошол учурдагы Төлөгөн Касымбеков, Камбаралы Бобулов өңдүү мыкты адамдар менен кеңешип, талкуулап жатып кабыл алдык", — деди Акималиев.
Ал мамлекеттик символдор кыргыз атуулдарын мекенчил болууга, мамлекетин сүйүүгө чакырарын айтып, ага аяр мамиле жасоо зарылдыгын кошумчалады.