Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин академиясы курула баштады. Сүрөт

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев имараттын пайдубалына капсула салды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин академиясы курула баштады. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, Кыргызстан эгемендүү мамлекет болуп жарыялангандан бери УКМК кызматкерлерин окутуп, даярдоочу адистештирилген толук кандуу атайын жогорку окуу жайы жок.
1 / 6

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин академиясы курула баштады

2 / 6

Маалыматка караганда, Кыргызстан эгемендүү мамлекет болуп жарыялангандан бери УКМК кызматкерлерин окутуп, даярдоочу адистештирилген толук кандуу атайын жогорку окуу жайы жок

3 / 6

Курулушту баштоо аземине КР УКМК жетекчилери жана өздүк курам, ардагерлер жана атайын чакырылган коноктор катышты

4 / 6

Ал эми УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев имараттын пайдубалына капсула салды.

5 / 6

Маалымат үчүн: 1993-жылдын 19-апрелинде Кыргызстандын улуттук коопсуздук министри генерал-лейтенант А.К. Бакаев өзүнүн буйругу менен министрликтин алдында атайын окуу түзүмүн түзгөн

6 / 6

Бул окуу бөлүмү кийин жогорку курс, андан соң окуу борбору деп аталып келди

Курулушту баштоо аземине КР УКМК жетекчилери жана өздүк курам, ардагерлер жана атайын чакырылган коноктор катышты. Ал эми УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев имараттын пайдубалына капсула салды.
Маалымат үчүн: 1993-жылдын 19-апрелинде Кыргызстандын улуттук коопсуздук министри генерал-лейтенант А.К. Бакаев өзүнүн буйругу менен министрликтин алдында атайын окуу түзүмүн түзгөн.
Бул окуу бөлүмү кийин жогорку курс, андан соң окуу борбору деп аталып келди. Кыргыз өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-мартындагы токтомуна ылайык, аталган окуу борбору бүгүнкү күндөгү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К. Бакаев атындагы Кесиптик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту деген макамга ээ болгон.
Азыркы кезде УКМКга кызматка алынып жаткандардын дээрлик бир бөлүгү ушул институттан окуп кайра даярдыктан өтүүдө.
Жабылчу 12 медициналык окуу жайдын тизмеси чыкты. Калган бешөө эмне болот?
Садыр Жапаров Жалал-Абадда курулган УКМКнын жаңы имаратын ачты