Кыргызстанда мамлекеттик туу алгач ирет кантип көтөрүлгөн. Тарыхый видео

Бүгүн мамлекеттик туу күнү белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги желектин алгачкы жолу өкмөттүк имараттын үстүнө орнотулган видеону сунуштайт.
Sputnik
Кыргызстандын мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген. 5-мартта Кыргыз ССРинин желеги түшүрүлүп, жаңы желек көтөрүлгөн.
Ал иш-чарага ошол кездеги президент Аскар Акаев, премьер-министр Турсунбек Чыңгышев, Жогорку Кеӊештин төрагасы Медеткан Шеримкулов, бир катар аткаминерлер, саясатчылар жана жай тургундар катышкан.
Легендарлуу парламенттин депутаты Жамин Акималиев ошол күндү мындайча эскерет.
"Желек Ак үйдүн үстүндө желбирегенде баарыбыз көзүбүзгө жаш алып, ошондо желектин таасирин билгенбиз. Ал жерге бат эле миңдей адам топтолуп калган. "Мамлекет, көз карандысыздык деген ушул турбайбы" деп эркектер да жүрөгүбүз толкуп ыйлаганбыз", — деди Акималиев.
Кийин Кыргызстандын туусу башка мамлекеттик мекемелерге, Бириккен Улуттар Уюмунун алдына илинген.