Министрлик: КРдин Куралдуу күчтөрү чет өлкөдөгү операцияларга катышкан жок

Кыргызстандын Коргоо министрлиги Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчисинин айткандарын төгүндөдү.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Коргоо министрлиги Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн чет өлкөлөрдөгү кандайдыр бир аскердик операцияларга катышуусу боюнча ар кандай божомолдорду толугу менен жокко чыгарат. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Эске салсак, буга чейин Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Альнур Мусаев Кыргызстан менен Тажикстан Россиянын басымы менен атайын операцияларга жардам берип жатат деп айтып чыккан.
Министрликтин маалымат кызматы бардык аскер бөлүктөр Кыргызстандын аймагында экенин белгиледи.
"Республиканын бардык аскер бөлүктөрү республиканын аймагында. Мамлекеттик чек арадан тышкары жерлерге аларды тартуу боюнча пландар жок", — деп айтылат маалыматта.
Коргоо министрлиги жарандардан расмий булактардан алынган маалыматтарга гана ишенүүнү өтүндү.
ЖККУда "координациялоочу мамлекет" деген түшүнүк пайда болушу мүмкүн