ИИМдин өтүнүчү менен Интерпол Польшада Кыргызстандын эки жаранын кармады

Жалпысынан 2021-жылы Интерпол улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн 45 адамды колго түшүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин өтүнүчү менен Интерпол улуттук борбордук бюросу Кыргызстандын эки жаранын Польшадан кармады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, колго түшүрүлгөндөр 2017-жылдан бери издөөдө жүргөн.
"Алардын бири Сириядагы куралдуу кагылышууларга катышкан. Ал эми экинчиси Кыргызстандын Жаза аткаруу мекемелеринен качып жүргөн", — деп айтылат маалыматта.
Жалпысынан 2021-жылы Интерпол улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн 45 адамды кармаган. Анын ичинен 14ү чет өлкөлөрдө, ал эми 31и Кыргызстанда болгон.
"Мындан тышкары, Интерпол издеп жаткан 10 унаа Кыргызстандын аймагынан табылды", — деп жазылат билдирмеде.
ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросу Интерполго мүчө 195 өлкөнүн ичинен 50 мамлекет менен үзгүлтүксүз кызматташып келери айтылды.
Интерпол издеп жаткан 18 унаа Бишкектен табылды, бешөө Швециядан уурдалган