Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Депутаттар Украинадагы кырдаалдын таасирин жабык эшик артында карап жатат

Эл өкүлдөрү өкмөттү кризистик кырдаалга даярдыгын билүү үчүн чакырышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Украинадагы окуяларга байланыштуу экономикалык жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча министрлер кабинетинин маалыматын жабык эшик артында угууну чечти.
Эл өкүлдөрү Украинанын айланасында кырдаал курчуп, анын Кыргызстандын экономикасына терс таасирин тийгизип жатканын айтышкан. Мындан улам өкмөттү кризистик кырдаалга даярдыгын билүү үчүн чакырышкан.
Парламентке министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана башка өкмөт мүчөлөрү келди.
Жыйында эл аралык мамиле жана талылуу маселелер каралгандыктан, жабык эшик артында өткөрүү чечимин кабыл алышты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кыргызстан БУУнун резолюциясына добуш берүүдөн карманды