Кыргызстандын туусун флагштокко илүү салтанатына даярдык. Бишкек шаары, "Ала-Тоо" аянты. 2022-жыл, 3-март
Улуттук Гвардиянын флагштокту кайтарган аскерлери. Алар жай саратанда да, аяздуу күндө да мамлекеттик туунун алдында турушат
Президент Садыр Жапаров туунун алдына келип, башын ийип таазим кылды. Бишкек шаары, "Ала-Тоо" аянты. 2022-жыл, 3-март
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгына 30 жыл болгон салтанатка келе жатат. 2022-жыл, 3-март
Кыргызстандын туусунун авторлору Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков
Мамлекеттик туунун 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарадан бир көрүнүш
Кыргызстандын мамлекеттик туусунун күнү 2010-жылдан баштап, 3-март сайын майрамдалып келет. Майрам президенттин 2009-жылдын 10-июндагы Жарлыгы менен бекитилген
Мамлекеттик туунун 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышкан президент Садыр Жапаров элдин намысы, эркиндиги, сыймыгы болгон мамлекеттик тууну бийик кармоого чакырды.
"Байрагыбыз бийик желбиресе, Мекенге болгон сүйүү сезимибиз артат, атуулдук ариетибиз, ар намысыбыз да кызыл туубуз менен бир катарда турарын билип, аны ар дайым урматтайлы", — деди Жапаров.
Улуттук Гвардиянын жоокерлери мамлекеттик туунун 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада
Улуттук Гвардиянын жоокерлери Мамлекеттик туунун 30 жылдыгына арналган аскердик жүрүштөн Михаил Фрунзе атындагы мотоаткычтар бригадасы өтүп бара жатат. "Ала-Тоо" аянты, 2022-жыл, 3-март
Мамлекеттик туунун 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаранын экинчи бөлүгү аскердик жүрүш менен уланды. "Ала-Тоо" аянты, 2022-жыл, 3-март