Brent мунайынын баасы 9 жылдан бери алгачкы жолу 116 доллардан ашты

Эталондук үлгү болуп эсептелген Brent 24-февралда 2014-жылдын сентябрынан бери алгачкы ирет баррелине 100 доллардан жогорулады. Ошондой эле америкалык WTI үлгүсү дагы кымбаттап бара жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы 2013-жылдын 9-сентябрынан бери биринчи жолу баррелине 116 доллардан ашты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Бишкек убактысы боюнча саат 8:48ге карата май фьючерстеринин баасы болжол менен 1,81 пайызга өсүп, баррелине 116,48 долларды түзгөн. Ал эми WTI үчүн апрель айындагы фьючерстер 2,8 пайызга өсүп, баррелине 113,70 доллар болгон.
Эталондук үлгү болуп эсептелген Brent 24-февралда 2014-жылдын сентябрынан бери алгачкы ирет баррелине 100 доллардан жогорулады. Ошондой эле америкалык WTI үлгүсү дагы кымбаттап бара жатат.
Кара алтындын баасы көтөрүлө баштагандан бери Rystad Energy аналитикалык агенттигинин адистери Россиянын Украинадагы атайын операциясы маалында нефть жеткирүү жолдоруна зыян келтирилсе, анын баасы июнь айына чейин 130 долларга жетерин божомолдошкон.
Доллардын курсунун өсүшү импорттук буудайдын баасына таасир этеби?