Бүгүн Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталат. Расписание

Беш команда бирден айлампа оюн өткөрүшөт. Кыргызстан алгач Иран менен күч сынашат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Бүгүн, 3-мартта, Бишкекте төртүнчү дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты старт алып, алгачкы оюндар башталат.
Мелдеш Бишкек шаардык муз аянтчасында өтөт. Чемпионатка жалпысынан беш команда: Кыргызстан, Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Иран катышат.
Командалар бирден айлампа оюн өткөрүшөт. Дене тарбия жана спорт департаменти расписание менен бөлүштү:
1-тур — 3 март
Саат 16:00дө Малайзия — Кувейт;
Саат 20:00дө Кыргызстан — Иран.
2-тур — 4 март
Саат 19:00дө Сингапур — Иран.
3-тур — 5 март
Саат 17:30да Кувейт — Сингапур;
Саат 20:00дө Кыргызстан — Малайзия.
4-тур — 6 март
Саат 19:00дө Иран — Кувейт.
5-тур — 7 март
Саат 17:00дө Малайзия — Иран;
20:00 Кыргызстан — Сингапур.
6-тур — 8 март
Саат 17:00дө Сингапур — Малайзия;
Саат 20:00дө Кыргызстан — Кувейт.
2019-жылга чейин Эл аралык хоккей федерациясынын курамында үч гана дивизион болуп, ага кирүү укугу үчүн Кыргызстандын командасы ошол жылы Бириккен Араб Эмирлигинде оюн өткөргөн. Ал эми 2020-жылы Эл аралык хоккей федерациясы төртүнчү дивизионду түзүп, ага Кыргызстан кирген.
Өлкө тарыхында алгачкы жолу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.
Хоккей боюнча улуттук курама команда Евразия чемпиону болду. Сүрөт