Армения парламенти Ваагн Хачатрянды президент кылып шайлады

2015-жылдагы конституциялык реформалардан кийин Армения президенттик башкаруудан парламенттик формасына өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Армениянын жогорку технологиялар боюнча өнөр жай министри Ваагн Хачатрянды парламент өлкөнүн президенти кылып шайлады. Бул тууралуу РИА Новости мыйзам чыгаруу органдын эсеп комиссиясына таянып билдирди.
Ал мамлекет башчылыгына жалгыз талапкер болгон.
Армениянын экс-президенти Армен Саркисян 23-январда отставкага кетерин жар салып, буга мамлекет башчынын өлкөнүн тышкы жана ички саясатына таасирин тийгизе турган ыйгарым укуктарынын жоктугу себеп экенин айткан.
2015-жылдагы конституциялык реформалардан кийин Армения президенттик башкаруудан парламенттик формасына өткөн. Президентти эл эмес, парламент шайлай турган болгон. Мамлекет башчынын функциялары өкүлдүк менен чектелип, бийлик негизинен мыйзам чыгаруучулар менен өкмөттүн колуна өткөн.
Арменияда Советтер Союзунан кийин төрт президент болду. Алардын үчөө — Левон Тер-Петросян (1991-1998), Роберт Кочарян (1998-2008) жана Серж Саргсян (2008-2018) элдик добуш берүү менен экиден ирет президенттик тактыга отурушту. Көз карандысыз Армениянын биринчи башчысы Тер-Петросян Карабах маселесин жөнгө салуу боюнча ал кездеги премьер-министр Кочарян, коргоо министи Вазген Саркисян менен тил табыша албай президенттиктен кеткен. Ал эми төртүнчү президент – Армен Саркисян бул кызматка 2018-жылдын апрель айында отурган.
Армениянын президенти Саркисян расмий түрдө отставкага кетти