"Ала-Тоо" аянты Туу күнүнө карата убактылуу тосулду

Бишкектин борбордук жана эски аянты убактылуу тосулду. Аталган аймактар түшкө чейин чектелери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстандын улуттук туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы белгиленип жатат. Мамлекеттин башкы символдорунун бири 1992-жылы 3-мартта Кыргызстандын Жогорку Советинин токтому менен бекитилген.
1 / 3

Бүгүн Кыргызстандын улуттук туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы белгиленип жатат

2 / 3

Аянтта улуттук атрибуттардын кабыл алынган күнүнө карата аскердик марш өтүп, ага президент Садыр Жапаров катышууда

3 / 3

Майрамдык салтанат КТРКнын эфиринен, республикалык жана облустук телеканалдардан көрсөтүлүп жатат.

Аянтта улуттук атрибуттардын кабыл алынган күнүнө карата аскердик марш өтүп, ага президент Садыр Жапаров катышууда. Майрамдык салтанат КТРКнын эфиринен, республикалык жана облустук телеканалдардан көрсөтүлүп жатат.
"Ала-Тоо" жана Турдакун Усубалиев (эски аянт) атындагы аянттарда кыймыл чектелди. Кишилерди аянтка металлодетектор менен текшерип, анан киргизип жатышат. Кайгуул милициясы аянттардагы чектөө саат 12:00гө чейин болорун айтты.
Радио
Акималиев: кыргыз туусу алгач желбирегенде жүрөгүбүз толкуп ыйлаганбыз