Радио

Дөөлөтов: жаш калемгерлерге адабий сын айтылбай калды

Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Улан Дөөлөтов жаш калемгерлерге адабий сын айтылбай, жеңил темада жазылган чыгармалар көбөйүп жатканын айтты.
Sputnik
Жаш акын, жазуучулар арасында чыгармалар көп жазылганы менен сапаты маселе жаратып жатат. Бул тууралуу Улан Дөөлөтов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, адабиятчылар, сынчылар жаш муунга жол көрсөтүп, туура жолго салып, багытын аныктап берсе, жылыш болмок.
"Өткөн жүз жылдыкта чыгармачыл адамдар мамлекеттен колдоо таап, жада калса алардын китептерин өкмөт жайлоодогу чабанга чейин жеткирип берген. Пропаганда катуу жүрүп, аларга шарт да түзүлгөн. Азыр жаш калемгерлерге адабий сын айтылбай, жеңил темада жазылган чыгармалар көбөйүүдө. Адабий сын тармагы бүгүнкү күндө аксап турат. Жаш акын-жазуучулар арасында чыгармалар көп жазылганы менен сапаты маселе жаратып жатат. Бирок изденген, аракеттенген жаштар да арбын. Ар ким алына жараша эмгек кылып, китеп басып чыгарып жатышат. Болгону мамлекеттен конкурстар, жыйындар өтүп турса жакшы болмок", — деди Дөөлөтов.
Ошондой эле акын фантастика, сатира жанрына кайрылган жаш калемгерлердин саны жокко эсе экендигин кошумчалады.