Жалал-Абадда үч айлык ишембилик башталды

Ишембиликте көчө, аллея, сейил бактарга көчөттөрдүн, гүлдүн түрү тигилип, арык-каналдарды тазалоо иштери аткарылат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. 1-марттан 1-июнга чейин Жалал-Абаддын бардык район, шаарларында көрктөндүрүү жана жашылдандыруунун үч айлыгы жарыяланды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аталган буйрукка президенттин Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев кол койгон.
"Үч айлыктын алкагында ар бир мекеме, ишкананын жетекчилери бөлүнгөн район, шаарларда иштин аткарылышын көзөмөлгө алат. Ишембиликте көчө, аллея, сейил бактарга көчөттөрдүн, гүлдүн түрү тигилип, бак-дарактарды бутоо, актап-сырдоо, арык-каналдарды тазалоо иштери аткарылат. Ошондой эле көчөлөрдү жарыктандыруу, мекеме жана турак жайлардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу жумуштары күчөтүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Үч айлык ишембиликти уюштуруу үчүн жер-жерлерде атайын штабдар түзүлөрү кошумчаланды.
Дин кызматкерлери бир ай бою ишембиликке чыгат