БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы мекендештерди эвакуациялоо боюнча 2-мартка карата маалымат берди.
Билдирмеге караганда, 1-мартта Кыргызстандын 114 жараны автобус менен Будапештке жеткирилген. Алардын ичинен 38и жашы жете элек бала, бешөө студент, 71и чоң адам (жети жаран украин-венгер чек арасына бара жаткан жолдо кошулган).
"Жарандарды венгер-украин чек арасында Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинин кызматкерлери тосуп алып, тамак-аш, жатакана менен камсыз кылышты. Бүгүнкү күнү 90 кыргыз жараны Польшада турат, алардын жарымы жатакана менен камсыз болду. Калгандарын жайгаштыруу боюнча маселе чечилүүдө", — деп айтылат маалыматта.
ТИМ Киев шаарындагы кыргызстандыктарды Венгрияга автобус менен алып кетүү боюнча тизме түзүлүп жатканын айтып, мекендештер 0 551 312 000 телефону аркылуу байланышса болорун белгиледи.
Украинадагы кыргыз жарандарын чогултуу орду: Киев шаары, "Дачная" темир жол станциясы жана Львов шаары, Стрий автовокзалы. Элчиликтин байланыш телефондору: +380 50 776 3494.