Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина Беларуска ракеталык сокку урушу мүмкүн. Лукашенко Путинден С-400 сурады

Беларустун Коргоо министрлигинин маалымат кызматы өлкө аскерлери Россиянын атайын операциясына катышпаганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Украина Беларуска эскертүү иретинде ракеталык сокку урушу ыктымал. Бул тууралуу Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Алексей Данилов "Украина 24" телеканалында билдиргенин Sputnik Беларусь жазды.
"Биздин аскерлер өлкөдөгү болгон техника, ресурстарды пайдаланып, жок кылып жатат. Башкы командачы кандай чечим чыгарса, ошону аткарабыз", — деген Данилов.
Ал арада АКШнын Коргоо министрлиги Беларусь аскерлеринин Украинага кире турганына эч кандай далил көрбөгөнүн брифингде билдирген.
"Беларустун аскерлеринин Украинага кирери боюнча ырастама жок. Биз эч кандай белгини көрө алган жокпуз", — деген Пентагон башчысы.
Ошол эле учурда Беларустун президенти Александр Лукашенко РФ башчысы Владимир Путинден эки С-400 комплексин сураганы маалым болду. Анын бири Беларустун аймагындагы Гомель облусунда жайгашкан. Экинчиси мамлекет башчынын планы боюнча Минсктин үстүнө, батыш жагына жайгашуусу керектиги айтылды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия — Украина делегацияларынын сүйлөшүүсү аяктады. Кандай жыйынтык болду
Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүттө өнүгө баштады. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды.
28-февралда Россия менен Украина делегациясы Беларустун аймагында жолугуп, сүйлөшүү жүргүзгөн. Жакын арада сүйлөшүүнүн экинчи раунду өтөт.
Беларустун Коргоо министрлигинин маалымат кызматы беларусь аскерлери Киев менен Черниговдо деген маалыматты төгүндөдү. Белгилүү болгондой, алардын баары өлкө аймагындагы дислокация пунктуларында жана Россиянын атайын операциясына катышкан жок. Өлкө башчысы Александр Лукашенко да ушундай эле билдирүү жасаган. Шейшембиде ал дагы бир жолу Беларусь армиясы согуштук аракеттерге катышпаганын жана катышпай турганын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пентагон: НАТО Украинанын үстүнөн учууларга тыюу салчу зона түзүүнү талкуулабайт