Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россиянын Украинадагы операциясы. 2-мартка караган түнү кандай окуялар болду

Украинадагы атайын операция аягына чыга элек. Мындан улам Батыш өлкөлөрү Россияга каршы чектөөлөрдү дагы деле киргизип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Россиянын Украинадагы атайын операциясы уланууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
2-мартка караган түнү кандай окуялар болгонун кыскача баяндайбыз:
Украинанын президенти Владимир Зеленский Батыштан күтүп жаткан коопсуздук кепилдиктерин санап берди. Алар: аймактык бүтүндүүлүк, чек араны коргоо, коңшулар менен өзгөчө мамиле, толук кандуу коопсуздук. Ал Россия президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөргө барууга даяр экенин айтты;
АКШ россиялык учактар үчүн өзүнүн аба мейкиндигин жаба турганын президент Жо Байден жарыялады;
Ал ортодо Boeing компаниясы россиялык учактарды техникалык жактан тейлөөсүн токтотконун билдирди;
АКШ башчысы Жо Байден конгресс алдында сүйлөп жатып, украиналыктарды адашып ирандыктар деп атап алды;
Ошол эле кайрылуусунда Байден Украинадагы конфликтиге АКШ аскерлери катышпай турганын айтты;
Польша бийлиги Варшава шаарындагы Россияга тиешелүү бардык кыймылсыз мүлктү кайтарып алууну пландап жатат;
Донецк Эл Республикасында 13 күндүн ичиндеги эскалацияда Украина аскерлери 725 жолу ок чыгарганы айтылды;
Apple компаниясы Россиядагы расмий дүкөндөрүндө өз продукциясын сатууну токтотту;
Россиянын президенти Владимир Путин "Россия Федерациясынын финансылык туруктуулугун камсыздоо боюнча экономикалык мүнөздөгү кошумча чаралар" жарлыгына кол койду. Документте мындай кадам АКШ, ага жакын башка мамлекеттердин жана уюмдардын эл аралык укукка туура келбеген душмандык аракеттеринен улам жасалып жатканы айтылды. Негизги максат — улуттук кызыкчылыкты коргоо;
Украина Беларуска эскертүү иретинде ракеталык сокку урушу ыктымал экени айтылып, Беларустун президенти Александр Лукашенко РФ башчысы Владимир Путинден эки С-400 комплексин сураганы маалым болду;
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Украинада каза болгон аскерлердин үй-бүлөсү 2 миллион рублден аларын билдирди;
Пентагон Украинанын үстүнөн учууга тыюу салынган зона түзүүнү четке кагып, жада калса мындай мүмкүнчүлүктү кароо талкууланбай турганын билдирди. Белгилей кетсек, Украина президенти Владимир Зеленский 24-февралда Россиянын атайын операциясы башталгандыктан Евробиримдиктен өлкө аймагынын үстүнөн учууга болбой турган зона уюштурууну талап кылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пентагон башчысынын экс-кеңешчиси: Путин мындай болорун 15 жыл мурун эскерткен
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ ТИМи: Россиянын Украинадагы операциясы боюнча фейктердин артында НАТО турат