БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путиндин Украинанын чек арасын калыбына келтирип, декоммунизациялоо тууралуу пикиринин Казакстан жана мурда СССРдин курамына кирген башка мамлекеттерге тиешеси жок. Бул тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берип жатып президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
Брифинг учурунда ага журналисттер "Путиндин Украинанын чек арасын тактоо, декоммунизациялоо тууралуу пикири Казакстан жана мурда СССРдин курамына кирген башка өлкөлөргө тиешелүү болушу мүмкүнбү?" деген суроо берди.
"Жок, тиешеси жок. Мындай болушу мүмүкүн эмес. Буюрса, президент менен ЖМК өкүлдөрүнүн келерки жолугушууларында бул тууралуу кошумча суроону өзүнө берсеңер болот", — деди Песков.
Буга чейин Владимир Путин россиялыктарга кайрылуусунда Украинада Лениндин эстеликтерин жок кылып, муну декоммунизация деп атап жатышканын айткан. Президент өлкөлөргө СССРдин курамынан чыгуу укугун берүү ал түзүлгөндөн эле туура эмес чечим болгонун айткан. Ал Ленинди Украинанын "автору" жана "архитектору" деп атаган. Ошондой эле Путин Лениндин мамлекетти куруу принциптери туура эмес болгонун жана СССР кулагандан кийин бул нерсе ачык далилденгенин кошумчалаган.