Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Депутаттар Украинадагы кырдаалдын таасири тууралуу өкмөттүн маалыматын угат

Эл өкүлдөрү Кыргызстандын кризистик кырдаалга даярдыгын билүүгө кызыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Украинадагы окуяларга байланыштуу экономикалык жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча министрлер кабинетинин маалыматын угат.
Өкмөттүн мүчөлөрү эртең, 3-мартта, саат 14:00дө парламентке келип өлкөдөгү кырдаалдан кабардар кылып, суроолорго жооп берет.
Эл өкүлдөрү Нурлан Шакиев, Жеңишбек Токторбаев жана Бакыт Төрөбаев Украинанын айланасында кырдаал курчуп, анын Кыргызстандын экономикасына терс таасирин тийгизип жатканын айтышкан. Мындан улам министрлер кабинетинин кризистик кырдаалга даярдыгы тууралуу билүүгө кызыгышты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын Украинадагы операциясы. 2-мартка караган түнү кандай окуялар болду