134 млн. сомдук зыян келген. "Ош электр" ААКтын мурдагы башчысы кармалды

2016-2020-жылдары мекеменин кызмат адамдары электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды баланстан мыйзамсыз чыгарганы аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. "Ош электр" ААКтын мурдагы жетекчиси Д.Д.И. коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө 2016-2020-жылдар аралыгында ачык акционердик коомдун жооптуу кызмат адамдары электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды баланстан мыйзамсыз чыгарышканы аныкталган. Жалпы 134 миллион 404 миң 877,09 сомдук зыян келтирилгендиги тастыкталды.
Аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен кылмыш иши козголду. Шектүү катары кармалган "Ош электр" ААКтын мурдагы жетекчиси Д.Д.И. убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда кылмыш ишине тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Башкы прокуратура: "Чыгыш электр" ишканасынын кызматкерлери кармалды