БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Пентагон Украинанын үстүнөн учууга тыюу салынган зона түзүүнү четке кагып, жада калса мындай мүмкүнчүлүктү кароо талкууланбай турганын билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Белгилей кетсек, Украина президенти Владимир Зеленский 24-февралда Россиянын атайын операциясы башталгандыктан Евробиримдиктен өлкө аймагынын үстүнөн учууга болбой турган зона уюштурууну талап кылган.
“Президент Жо Байден биздин аскерлер Украинада салгылашпай турганын айтты. Эгер учууга болбой турган зона түзүп алсаңар, бул силерди согушууга түртөт”, — деп айткан Пентагондун өкүлү брифингде.
Буга чейин Англиянын премьер-министри Борис Жонсон Улуу Британия жана НАТОнун башка өлкөлөрү Украинанын үстүнөн учууга болбой турган зона түзө алышпай турганын билдирген. Ал мындай кадам Россия менен түз кагылышууга жетелеп барарын айткан.
“Британиянын өкмөтү сиз каалагандай жардамды бере албастыгын ачык айтып коюшум керек. Андай болсо Улуу Британия россиялык учактарга сокку урушу керек болот. Биз андайга барбайбыз. Анын кесепетин көзөмөлдөө өтө кыйын болуп калат”, — деп айткан Жонсон.