Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: Россиянын достору көп, изоляциялоого болбойт

АКШ жана Батыш өлкөлөрү, дүйнөлүк ири уюмга мүчө болгон бир нече өлкө Россияга каршы чектөөлөрдү киргизүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Россиянын достору абдан көп, андыктан изоляциялоого болбойт. Бул туурасында аталган мамлекеттин тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтканын РИА Новости билдирди.
"Россиянын достору арбын, аны обочолонтууга болбойт", — деген Лавров al-Jazeera телеканалына.
Батыш өлкөлөрү 2014-жылдан бери Россияга ар кыл санкцияларды салып келет. Алар 2022-жылдын 24-февралынан тарта Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциядан кийин күчөдү.
Чыңалган кырдаал олуттуу кесепеттерге алып келе баштады. АКШ жана Батыш мамлекеттери, дүйнөлүк ири уюмга мүчө болгон бир нече өлкө Россияга каршы чектөөлөрдү киргизүүдө. Бул ар кыл тармактарды камтыды. Алардын арасында спорт, экономика, байланыш, гуманитардык багыттар бар.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Россияда финансылык туруктуулукту сактоо боюнча документке кол койду
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Песков: Россия бүгүн кечинде Украина тарапты сүйлөшүү үчүн күтөт