Кытай Жогорку Кеңешти өнүктүрүүгө каржылык колдоо көрсөтөт

Спикер эки мамлекеттин парламенттеринин кызматташуусун өнүктүрүүгө ынтызар экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды

2 / 2

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо жана парламенттик кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланган

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо жана парламенттик кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланган.
"Элчи Кытай Кыргызстанга эң жакын кошуна, дос жана ишенимдүү өнөктөш мамлекет экендигин белгилеп, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин көтөрдү. Март айынын аягында Кытайдын Эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаньшу менен ЖК төрагасынын эки тараптуу жолугушуусун сунуштады. Муну менен катар кытай тарап кыргыз парламентинин ишмердүүлүгүн өнүктүрүү максатында акчалай колдоо көргөзө тургандыгын маалымдады", — деп айтылат билдирүүдө.
Өз кезегинде төрага сунушталган жолугушууну канааттануу менен кабыл алып, эки мамлекеттин парламенттеринин кызматташуусун өнүктүрүүгө ынтызарлыгын билдирген.
Жапаров Пекинде Цзиньпин менен жолукту. Талкууланган маселелер