Кыргызстандын футболчулары Өзбекстандагы турнирге катышат. Каршылаштар

Төрт команда плей-офф форматында ойнойт. Жарым финалдык матчтар, финал жана үчүнчү орун үчүн беттештер өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы эл аралык NAVRUZ CUP 2022 турнирине катышат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу (КФС) билдирди.
Турнир 25-29-март аралыгында Наманганда (Өзбекстан) өтөт. Кыргызстандан тышкары Өзбекстандын, Тажикстандын жана Уганданын командалары катышары айтылды.
Регламент боюнча футболчулар плей-офф форматында ойношот — жарым финалдык матчтар болот. Жеңүүчүлөр финалда, ал эми жеңилгендер үчүнчү орун үчүн беттешмекчи.
25-мартта өтө турган жарым финалда Кыргызстандын курама командасы Өзбекстан менен ойнойт. Финалдык беттеш 29-мартка белгиленген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ФИФА менен УЕФА россиялык курама команда, клубдарды бардык турнирден четтетти