БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Ушул айда бир катар азык-түлүктүн баасы 5-10 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу Сатуучулар ассоциациясынын президенти Гүлнара Өскөнбаева билдирди.
Эске салсак, 24-февраль күнү доллардын баасы 95 сомго жетип, кийинки күнү 89-90го түшкөн. Кийин кайра 97 сомго чыккан. Кыргызстан импорттон көз каранды экенин айта кетишибиз керек. Негизги товарларды өлкө доллар менен сатып алат.
Өлкөгө азык-түлүк жеткирүү жана ага доллардын таасири тууралуу Sputnik Кыргызстан редакциясынын кабарчысы Гүлнара Өскөнбаеванын пикирин укту.
Анын айткандарынын урунттуу учурлары:
көпчүлүк келишимдер рубль менен түзүлгөн, бир бөлүгү доллар жана теңге. Бирок рубль менен келишимдер деле доллардын курсунан көз каранды болуп калат;
буга чейинки келишимдер боюнча бардык товарлар өз учурунда жеткирилип жатат, ал жагынан көйгөй жок;
жаңы баалар азырынча белгисиз. Товар ээлери ушул аптанын аягында айтышат;
баалар өтө жогорулайт деп айтпайм. Анткени келишимде айрым чектөөлөр бар;
ошол эле учурда дээрдик бардык азык-түлүк 5-10 пайызга кымбатташы күтүлүүдө. Чынын айтканда, дүң баалар январь, февраль айларында эле жогорулаган. Бирок биздин соодагерлер чекене бааларды көтөрө элек болчу. Мартта кымбаттоолор болот. Бирок абал таразаланып турат;
Кыргызстанда азык-түлүктүн запасы 1-2 айга кенен жетет. Тынчсызданууга негиз жок;
негизи эле кыргызстандыктар импорт боюнча кам санабай койсо болот. Анткени келишимдер бир гана Россия менен эмес, Казакстан жана башка өлкөлөр менен түзүлгөн.