Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты: Бишкекке үч өлкөнүн спортчулары келди. Сүрөт

Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Бишкекке төртүнчү дивизиондун хоккей боюнча дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Иран, Малайзия жана Кувейт мамлекеттеринин хоккейчилери келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
1 / 2

Бишкекке төртүнчү дивизиондун хоккей боюнча дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Иран, Малайзия жана Кувейт мамлекеттеринин хоккейчилери келди

2 / 2

Спортчуларды бүгүн эртең менен "Манас" эл аралык аэропортунан тосуп алган.

Спортчуларды бүгүн эртең менен "Манас" эл аралык аэропортунан тосуп алган.
Ошондой эле Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф, советтик хоккей боюнча атактуу дарбазачы Владислав Третьяк жана Германиянын хоккей федерациясынын президенти Франц Рейндл да келиши күтүлүп жатканы айтылды.
Чемпионат эртең, 3-мартта, башталып, 8-мартта аяктайт. Ага Кыргызстан, Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Иран мамлекеттеринин командалары катышат.
2019-жылга чейин Эл аралык хоккей федерациясынын курамында үч гана дивизион болуп, ага кирүү укугу үчүн Кыргызстандын командасы ошол жылы Бириккен Араб Эмирлигинде оюн өткөргөн. Ал эми 2020-жылы Эл аралык хоккей федерациясы төртүнчү дивизионду түзүп, ага Кыргызстан кирген.
Өлкө тарыхында алгачкы жолу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.
Хоккей боюнча улуттук курама команда Евразия чемпиону болду. Сүрөт