Салык кызматы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды киргизүүдө

Электрондук документ жүгүртүү кагаз түрүнө караганда ишти бат бүтүрүп, товарларга байкоо салууга көмөктөшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы "Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз" (ЭТТК) маалыматтык системасын ишке киргизүүдө. Бул тууралуу аталган мекеме кабарлады.
Буга байланыштуу Салык кызматы ишкер субъектилерди системаны тестирлөөгө активдүү катышууга чакырууда.
"ЭТТК ЕАЭБ бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу, ошондой эле өлкөдө товарлардын, анын ичинде мунай өндүрүмдөрүнүн жана идентификациялоо каражаттары менен маркалоого тийиш болгон товарлардын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө жол-жобосун оптималдаштыруу максатында киргизилип жатат", — деп жазылган билдирүүдө.
Маалыматтык система Салык кызматынын бирдиктүү порталы болуп саналат. Электрондук документ жүгүртүү кагаз түрүнө караганда ишти ыкчамдатканы менен айырмаланат.
ЭТТК тууралуу маалыматты cabinet.salyk.kg шилтемеси жана 0312 614 615 номери боюнча алууга болот.
Эскертүү! Салык төлөөчүлөр отчетторду бирдиктүү формада тапшырышы керек