БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары отургузган көчөттөр өспөй калууда, жөн эле акча кетирдик. Бул туурасында эл өкүлү Дастан Бекешев билдирди.
Бүгүн "Ыйман нуру" фракциясы "Жашыл Кыргызстандын" эки айлыгын өткөрүү боюнча парламенттин токтомун кабыл алууну сунуштаган.
Бекешев депутаттар буга чейин борбор калаанын Токтоналиев көчөсүнө, Түштүк магистралга жана Ботаникалык бакчада көчөт отургузганын, бирок үч жерде тең куурап калганын айтты.
"Бизде адат болуп калды, 10 жылдан бери бак тигип эле келе жатабыз. Тилекке каршы, биз кеткенден кийин сугарылбай кароосуз калат. Мисалы, Бишкектин Туңгуч кичи районунда көчөт отургузсаң өспөйт, кичи райондордо, Ботаникалык бакчада арыктар бузулган. Жадагалса Жогорку Кеңештин депутаттары отургузган көчөттөр да өскөн жок. Биз жөн эле акча кетирип, отчет катары көрсөтүп жатабыз. Биринчиден, сугаруу системасын толук курбайлыбы. Жөн эле отургуза бергенден пайда жок экен. Себеби кургакчылык, ирригация жок", — деди Бекешев.
Мындан улам эл өкүлү жөн гана көчөт отургузуу менен чектелбей сугаруу системасына да көңүл бурууга чакырды.