БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Алдамчы курулуш компаниялары менен күрөшүү үчүн бир катар чараларды көрүү сунушталууда. Бул тууралуу Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, курулуш ишинин бүтүшүн 5-10 жылдап күткөн үлүшчүлөр бар. Мэр билдиргендей, кээ бир каражаты, базасы жок курулуш компаниялары алдоо жолу менен батирлерди сатып, бирок курулуш ишин баштабай же үйдү бүтүрбөй коюуда.
"Мамлекеттик курулуш ишканасы менен биргеликте үй курууга каражаты жете турган компаниялардын реестрин түзүп жатабыз", — деди мэр.
Мындан тышкары, Мамлекеттик курулуш ишканасы эгер курулуш компания сметалык баанын 15 пайызын эсепке салбаса, ага курулуш ишин баштоого уруксат бербей турган жобо иштеп чыгып жатканы айтылды.