Бишкекте тез жардам унаасын өткөрбөгөн айдоочуларга ири суммада айып салынды

Беш айдоочуга протокол түзүлүп, жалпысынан 50 миң сом айып пул салынды. Инспекторлор жол эрежелерин сактоого чакырат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Милициянын кайгуул кызматы шашып бара жаткан тез жардам автоунааларына жол бербеген айдоочуларды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Эреже бузгандар борбор калаада транспорттук дисциплинаны күчөтүүгө багытталган "Маяк" рейдинин алкагында кармалышты.
"Айрым айдоочулар тез жардам унаасын өткөрүшпөйт. Бул муктаж адамга өз учурунда, керектүү медициналык жардам көрсөтүлбөй калышына себеп болушу мүмкүн", — деп айтылат билдирүүдө.
Кармалгандардын айрымдары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле беш айдоочуга протокол түзүлүп, жалпысынан 50 миң сом айып пул салынды.
ЖКККББнын башчысы оң рулдуу унааларга каршылыгынын негизги себебин айтты