БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Ишкерлерге абдан жакшы шарттар түзүлүшү керек. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, учурда шаарда жолдор, таштанды полигону, экология сыяктуу көйгөйлөр көп. Аларды чечүү үчүн инвестиция тартуу зарыл. Ошондой эле ал мэр болуп дайындалгандан бери ири ишкерлер менен жолугушууларды өткөргөнүн кошумчалады.
"Биз, мэрия, бизнеске жардам беребиз. Мурда бизнес бир нерсеге уруксат алуу үчүн улам бир мамлекеттик органдын эшигин каккылачу. Азыр менин позициям башка. Биз ишкерлерге барып, жумушчу орундарын түз, салык төлө, экономиканы көтөр деп сунушташыбыз керек", — деди Абдыкадыров.
Шаар башчынын пикиринде, ички инвесторлорго жакшы шарттар түзүлбөсө, капитал сыртка агылышы мүмкүн.